Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын дарылоо иштери боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн «Балдар арасындагы сасык тумоо. Кичинекейлерди  коронавирустан кантип коргойбуз?» аттуу брифингде маалымат берди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык оорукана COVID-19 астында иштегендиктен, шаардык балдар ооруканасы былтыртан бери балдардын инфекциялык ооруканасынын функциясын аткарып келе жатат.

“Ошондуктан кызамык жана вирустук гепатиттен башка ар кандай жугуштуу патологиясы бар балдар бизге кайрылышат. Акыркы жумада балдарын педиатрга көрсөтүүгө келген ата-энелердин саны кескин көбөйдү. Эгер мурда күнүнө 200 чейин адам кайрылса, акыркы күндөрү алардын саны кунү-түнү 370-400гө чейин жетүүдө. Бул вирустук инфекциянын көбөйүшүнө байланыштуу. Биз таза клиникалык түрдө сасык тумоо фирусу жүрүп жатат деп ойлойбуз. Көп балдар 40-41 градус дене табы менен кайрылышууда, жогорку температуранын фонунда судороги байкалат жана алгачкы күндөрдө бул температура акырындык менен төмөндөйт”, — деди дарыгер.

Анакеева элге кайрылып, шаардык балдар клиникалык ооруканасында соматикалык корпус бар экенин, анын 4 бөлүмдөн турарын түшүндүрдү.

“Бизде бир эле педиатриялык бөлүм бар, ал жалпы самотика бөлүмү деп аталат. Азыр ал жакта жөтөлү бар, диарея менен ооруган балдар жатат. Ал жакта болгону 50 орун бар, күнүгө бир дагы бош орун болбойт. Бизге дарылоону 4 күнгө кыскартууга туура келди, андан ары дарыланууну амбулатордук түрдө улантууга үйүнө жөнөтүп жатабыз. Кулак оорулары боюнча бөлүмдө 25 орун, ичеги инфекциясы бөлүмүндө 40 орун бар. Кабыл алуу бөлүмунө ысытмага чалдыккандарды алып, алардан ПЧР анализин тапшырабыз. Бизде тилекке каршы кутучалуу палаталар жок. Ошондуктан ата-энелерге алгач өзүңүздөрдүн жашаган жериңиздер боюнча ҮМБга кайрылыңыздар деп кайрылып кетет элем”, — деди ал.

Анын айтымында, кайрылган 400 адамдын ичинен 10%ы гана ооруканага жаткырылышы керек.

Ошондой эле ал кутучалуу палаталардын жоктугунан кабылдамага келген балдар ооруканада жаткан бейтаптардан курч вирустук ооруларды жуктуруп алары мүмкүн экенин белгиледи.