Борбор калаабызда жарыкка келген үч эм кыздарды төрөтканадан чыгаруу үчүн спортчу Айсулуу Тыныбекова келди. Бул тууралуу спортчу социалдык тармактагы баракчасына жазып, наристелерге маңыздуу жашоо каалады.

“Бүгүн мен үчүн өзгөчө күн болду, анткени төрөт үйүнө мен биринчи жолу барып, үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген Бермет эже менен баарлашып өзгөчө сезимдерге чөмүлдүм. Айсулуу, Айпери, Аймээрим сиңдилерим дүйнөгө аттары чыккан, күчтүү, мээримдүү, бактылуу кыздардан болушсун! Наристелерге узун жана маңыздуу жашоону каалайм!”,-деди Тыныбекова.

Үч эм 1 кг 870 гр, 2 кг 160 гр жана 2 кг 170 гр салмак менен төрөлгөн.