“Кыргызгидромет” борбору шашылыш билдирүү таратты. 21-октябрдан тартып Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Мезгил-мезгили менен жаан, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-октябрда жана 23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаап, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

“Кыргызгидромет” борборунун билдирүүсү боюнча  бүгүн 20-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында 20…25,

Чүй өрөөнүндө  17…22,

Ысык-Көл облусунда  14…19,

Таласта 15…20,

Нарын облусунда 14…19,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. 19…21 градуска чейин жылуу болот.