Бир мандаттуу округдан шайлоого катышуудан 8 талапкер баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

талапкерлер аталган комиссияга арыз менен кайрылышкан. БШКга арыз бергендер:

№15 Базар-Коргон шайлоо округу боюнча Нурбүбү Абдыжапарова; №7 Ош шайлоо округу боюнча Зулайка Алымбубаева;

№16 Ош шайлоо округу боюнча Каныбек Анарбаев;

№26 Ленин шайлоо округу боюнча Кубанычбек Карагулов;

№16 Ноокен шайлоо округу боюнча Расулжан Мараимов;

№31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Алмаз Тарыкбаев;

№16 Ноокен шайлоо округу боюнча Акимбай Тешебаев;

№25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кулжамал Эшенкулова.