Чек ара кызматындагы айрым жетекчилердин коррупциялык иштери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, Чек ара кызматынын айрым жетекчилери калкалаган «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызмат адамдары чек арадан өткөн өзбек жарандарынан жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча опузалап келишкен.

Аталган факт Жазык кодексинин 325-беренесинин (Пара алуу) 3-пунктунун 2-бөлүгү менен катталды.

Жыйынтыгында кечээ, 19-октябрда «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси А.Э., Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ч.Н., ошондой эле Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары К.Б. кармалды. Алар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө уланууда.

«Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси — Аскарбек Эрмекбаев.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы — Чынарбек Насиев.

Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары — Бекташов Курсанбек Урбаевич.