Мекендешибиз Анара Мурзакулова россиялык «Кондитер» теледолбоорунун юбилейлик 5-сезонунун жеңүүчүсү аталды. Бул жеңиши менен ал 1 миллион рублга ээ болду. Бул тууралуу маалымат «Пятница» каналынын эфиринде белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, Анара Мурзакулова менен бирге супер финалда россиялык 3 кондитер ат салышкан.

Буга чейин, кондитер Анара Мурзакулова россиялык көңүл ачуучу «Пятница» телеканалында «Кондитер» теледолбоорунун 5-сезонунун супер финалына өткөн болчу. Долбоордо ал кыргыздын улуттук кийимин кийген кыздын жана комуздун түзүлүшүн чагылдырып эки кабаттуу торт жасаган.

Финалга төрт катышуучу — Анастасия Чернова, Катерина Аверина, Виктория Булышева жана Анара Мурзакулова катышты.

https://www.youtube.com/watch?v=fhJHmwNzh0I