“Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дегендей,  ар бир кыргыз мырзасынын жүрөгүндө Мекенине болгон сүйүү орун алып, кыргыз элинин керегине жарап, жигиттик парзымды аткарсам деп тилеп келишет эмеспи. 

Мына ушундай Мекенине кызмат кылган, жүрөгүндө жалыны бар мырзаларыбыз дагы арабызда арбын экенин ар дайым даңктап айтып турушубуз кажет. “Мекеним өз өмүрүмдөн да кымбат. Менин бүт өмүрүм Кыргызстаныма кызмат кылууга арналган”,- деп ар дайым  жолдошторунун, кесиптештеринин, жакындарынын арасында сыймыктануу менен айтып келген  ИИМдин Ички аскерлеринин 717 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары капитан Кубатов Кадырбек Таалайбековичти кепке тарттык.

“Атанын уулу эмес, Мекениңдин уулу бол!” – деп ар дайым кулагына күмүш сырга кылып айтып келген атасынын тарбиясын мыкты өздөштүргөн  аскер кызматчысы Кадырбек Кубатовдун өмүр-таржымалын кыскача баяндап кетпесек болбос. Ал Жалал-Абад шаарында 1991-жылы туулган. Үч бир тууган. Эки баланын үлгүлүү атасы. Атасы аскер кызматчысы болгон соң, Кадырбек Кубатов Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайга тапшырып, аны аяктагандан кийин, Алматы шаарындагы Командачылык институтуна тапшырган. Окуу жайды аяктагандан кийин Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан “Скорпион”   атайын багыттагы аскер бөлүгүндө эки жыл кызмат өтөп, көптөгөн эл аралык машыгууларга катышкан. Кийин Бишкек шаарындагы Улуттук гвардиянын атайын багыттагы “Пантера” аскер бөлүгүнө которулган. Жогорудагы отряддардагы тажрыйбасы менен курсанттарды тарбиялоого жөндөмдүү экендиги эске алынып, Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайынын окуу курсунун начальниги болуп дайындалган. Ал жактагы жетишкендиктерин, кызматындагы аракетчилдигин,  күжүрмөндүгүн баалаган Ички аскерлеринен чакыруу келип, 717 аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары кызмат ордунда азыркы учурга чейин кызматын кынтыксыз өтөөдө.

Атасы аскер кызматчысы болгондугуна байланыштуу, Кадырбек Кубатов балачагынын көбүнесе бөлүгүн аскер бөлүктөрүндө өткөргөнүн айтып, азыркы учурда жетишкен ийгиликтеринин башкы себепкерлери дагы алар деп маегинде белгилеп өттү. Анткени анын ушул деңгээлге жетүүсүнө атасынын тарбиясы,   аскер бөлүктөрүндөгү өткөргөн күндөрү түрткү болгон.  Ошондо эле аскердик тартипке, күжүрмөндүккө, кайраттуулукка жана чыдамкайлуулукка, эң башкысы Мекенди сүйүүгө тарбиялаган аскер бөлүгүндөгү көз ирмемдер  жаш баланын келечектеги  кесибин  дагы тандап койгондой. Аскер бөлүгүндөгү жашоо Кадырбек Кубатовдун мүнөзүнүн туруктуу, чечкиндүү, өжөр жана принципке бекем болуп калыптынышына дагы шарт түзүп учурдагы ийгиликтеринин себепкерлери десек дагы жаңылышпайбыз.

Учурдагы кызматы боюнча сураганыбызда, “Учурдагы ишим боюнча айта кетсем, менин башкы милдетиме аскер бөлүктөрүн ар тараптуу камсыздоо кирет. Аткарган милдеттерим башка ыкчам багыттагы бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүнөн дагы айырмаланып турат. Ал жакта өздүк курам күн сайын машыгуулардан өтүп турат. Бул жактан мен бөлүктөрдү камсыздоонун ролу, маани-маңызы тууралуу толук түшүндүм. Камсыздоо иштери бөлүктүн күжүрмөн даярдыгын колдоо боюнча  масштабдуу жана жоопкерчиликтүү жумуш.  Бул жактан мен  мол тажрыйбага ээ болуудамын”,-деп Кадырбек Таалайбекович учурдагы кызматы боюнча кыскача айтып өттү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы