Бүгүн КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Майыптар боюнча коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү «Майыптыгы бар тараптардын укугун коргоо боюнча комитет» – Толкунбек Исаков, «Колдон колго» борбору – Жылдыз Садыкова, «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» борбору – Назгуль Турдубекова, АРДИ – Дыйканбаева Сейнеп, «Назик кыз» коомдук бирикмеси – Укей Мураталиева , «Феномен Фонд» – Искендер Султаналиев жана башкалар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушу учурунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын мыйзам алдындагы теңчиликтери, билим алуусу, эмгекке болгон укуктары талкууланды.

Жолугушунун катышуучулары министр Кудайберген Базарбаевден Конвенцияны ишке ашыруу боюнча чараларга, 18 жаштан ашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “жеке ассистент” кызматтарын киргизүүнү суранышты.

Мындан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен социалдык кызматкердин ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү, майыптарга кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жаатында башка өлкөлөрдөн тажрыйба алмашуу жаатында иш алып баруу боюнча да суроолор талкууланды.