21-22-октябрда Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Анын ишине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда катышат.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинети, Мамлекет башчысынын  региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.

Региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

 

Түз эфир башталышы – 10.00