Ош облусуна караштуу Чоң-Алай РИИБинин убактылуу кармоочу жайындагы шарттар  талапка жооп бербейт. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, бөлүмдүн кызматкерлери мекемеге «Укук кербени» долбоорунун алкагында мониторинг жүргүзүшкөн. Изолятор мыйзамда белгиленген стандарттарга жооп бербегени, ошондой эле жуунучу бөлмөсү, душ бөлмөсү жана дааратканасы жок экени аныкталды.

 «Убактылуу кармоочу жай стандарттарга жооп бербейт, жуунучу жай жана даратканасы жок. Ошондой эле камераларда керебеттин жоктугунан бетонго жатышат. Дары-дармектердин мөөнөтү өткөн. Райондук прокуратура тарабынан көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мониторинг учурунда 2 жаран жасаган кылмышы үчүн шектүү деп кармалып, кылмыш жасаган жерине тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алып кетишкен», — деди басма сөз кызматынан.