Президент Садыр Жапаров мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жемкорлукка шек саналып кармалышы коррупцияга каршы аеосуз күрөштүн жыйынтыгы деп атады. Мындай пикирин өлкө башчысы бүгүн, 21-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде айтты.

Жапаров өз пикирин Мамлекеттик чек ара кызматынын жектекчи кызматында иштегендердин, президенттик администрациянын ырайым кылуу боюнча комиссиясынын жооптуу катчысынын кармалышы менен негиздеди.

Эске салсак,  күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери паракорлукка шек саналып кармалган. 18-октябрда президенттик админстрациянын өкүлү 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.