Саясат

Садыр Жапаров: «Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат»

Президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде алдыдагы шайлоо тууралуу сүйлөгөн сөзү:

«Урматтуу жетекчилер!

Өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизе турган кийинки маселе — бул алдыдагы шайлоо кампаниясы. Андыктан, шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керек.

Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери шайлоо өткөрүүнүн түрдүү ыкмалары колдонулуп келди.

2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек.

Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды.

Бул багытта бардык жооптуу кызматкерлер өз милдеттерин так аткарып, мыйзам бузууларга жол бербешин талап кылам.

Менин алдымда алдыда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат! Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайбыз. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылап иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт!

Мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү, башка натыйжалуу чараларды көрүүнү Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардан талап кылам.

Ошону менен бирге эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик. 36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет.

Урматтуу эл-журт, бул жерде ар бириңиздердин бирден болсо да добушуңар чечүүчү мааниге ээ, ушуну жакшылап түшүнүп коюңуздар! Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп деле көп добушка ээ болсо, биринчилерден болуп келе беришет».

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button