“2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз”, — деди КР президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмесинде.

Кеңешмеде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы учурда барын тынсыздандырып жаткан электр энергиясы көйгөйүнө токтолду.

“Сөздүн ачыгы жакшы. Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергияны кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясы импорттолуп келет экен.

2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка жол берген жокмун. Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри элден “күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат”, — деди президент

Жапаров Кыргызстан сууну 90%га электр энергиясын иштеп чыгуу үчун пайдалана турганын белгиледи. “Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, “Токтогулдагы” суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра күзгө чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Ошондуктан алар да бизге электроэнергиядан, ун буудай, жана башка азык-түлүктөн жардам берип жатат”, -деди Жапаров.

Президент белгилегендей, кыргызстандыктар электр энергиясы арзан болуп жаткандыктан үнөмдөбөй жатышат.

“Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, башкача мамиле кылышмак.

Ушуга байланыштуу облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл.

Ошондой эле бул багытта калк арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз деп турабыз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өттү. Анын ишине КР президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланды.