Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Корея Республикасынын борбор шаары Сеулда  “Заманбап шарттарда полициялардын өнөктөштүгү” аттуу темада өтүүчү полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда.

Аталган саммит, заманбап шартта дүйнө коопсуздугун камсыздоо боюнча ар кайсы мамлекеттердин полицияларынын жетекчилеринин ой-пикирлерин жана алдынкы  тажрыбаларын алмашуу максатында Корея Республикасынын Полиция улуттук агентствосу тарабынан уюштурулган.

Аталган саммиттин алкагында Ички иштер министрлигинин жетекчиси Улан Ниязбеков, Корея Республикасынын Полициясынын Генералдык комиссары Ким Чанг Ёнг жана башка мамлекеттердин полицияларыны жетекчилеринин катышуусунда «Korea Police World Expo» полициялардын кийиминин үлгүлөрүнүн көргөзмөсү болуп өтүп жана Корея полициясынын материалдык-техникалык жабыдыкталышы менен таанышышты.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы