«Эл добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти “люстрациядан” өткөрүүгө шарт түзүп бердик», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, алдыдагы шайлоо кампаниясын кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керек, анткени ал өлкөдө коомдук-саясий абалдын стабилдүүлүгүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

«Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери шайлоо өткөрүүнүн түрдүү ыкмалары колдонулуп келди. 2020-жылдын октябрь айында өткөн мыйзамсыз шайлоолор, жер-жерлерде ачык эле колдонулган административдик ресурс жана шайлоочуларды акчага сатып алуу фактылары эч кимдин эсинен кете элек. Бардык болуп өткөн шайлоонун “шайтан оюндары” баарыбызга сабак болушу керек! Мындан ары шайлоонун таза өтүшү баарыбыздан көз каранды», — деп Президент эске салып, бардык жооптуу кызматкерлерди өз милдеттерин так аткаруусун жана мыйзам бузууларга жол бе рбешин талап кылды.

Садыр Жапаров анын алдында алдыда боло турган шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турганына көңүл бурду. Мындан ары бардык шайлоолор таза өтөт. Бул үчүн ал болгон күчүн жумшайт. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт.

 

«Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, кызматтан алынып эле тим болбостон, жоопкерчиликке дагы тартылат. Райондордо шайлоого кийлигишкен акимдер менен айыл өкмөттөрү эле жооп берип калбайт. Райондук милиция, же райондук билим берүү бөлүмү же мугалимдер, дарыгерлер кайсы бир саясий партиянын же талапкердин пайдасына тартылап иштеген болсо, эскертип коеюн, жазасыз калбайт!», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу, Президент Ички иштер министрлигин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарды мындай фактыларга жол бербөө максатында коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө, башка натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырды.

«36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар. Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт. Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Мына ошондо парламентке көпчүлүк – силер тандаган, чыныгы элдин колдоосун алган талапкер же партия келет. Урматтуу эл-журт, бул жерде ар бириңиздердин бирден болсо да добушуңар чечүүчү мааниге ээ, ушуну жакшылап түшүнүп коюңуздар! Мурдагыдай “биринч ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды. Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес», — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров партиялык тизмеге, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлерге добуш берүүнүн жол-жобосу боюнча өлкөнүн бардык аймактарындагы шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанисин белгиледи. Өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, ага жараша парламенттик шайлоо жаңы тартип менен өткөнү турат. Шайлоо маалында бул маселе боюнча көйгөй жаралбагандай болсун!

«Биз натыйжалуу шайлоо системасын иштеп чыгып, өсүп келе жаткан муунга туруктуу өнүккөн мамлекеттик башкарууну калтырууга милдеттүүбүз!», — деп кошумчалады ал.

Президент диний баалуулуктар маселесине токтолуп, алар ар биринин дилинде болушун, бирок аны саясий куралга айландырбоо керектигин белгиледи.

Анын айтымында, бир дагы саясий партия, же бир дагы саясатчы шайлоо процесстеринде динди, диний символиканы, же диний терминди жана диний чакырыктарды колдонбошу керек. Муну шайлоого катышабыз деп, каттоодон өткөн партиялардын жетекчилери, талапкерлигин бир мандаттуу округдарга койгон жарандар эстен чыгарбоосу абзел.