Шайлоодо добуш сатып алууга жана административдик ресурстарга каршы ачык күрөшүү — бул Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй постсоветтик мейкиндик үчүн болуп көрбөгөндөй жаңылык.

Мындай пикирин саясат таануучу Денис Бердаков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин кеңешмесинде жасаган билдирүүсүнө комментарий берип жатып айтты.

«Президент тарабынан мындай актуалдуу жана зарыл болгон жолугушуунун өткөрүлүп жатканы бул биринчи кезекте, былтыркы октябрь окуясынын натыйжасы болуп саналат. Себеби көп жылдардан бери дал ошол төмөн жактагы мамлекеттик органдар, б.а.  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, айыл өкмөттөрү, ири жана чакан шаарлардын мэрлери, шаардык жана айылдык кеңештер шайлоонун бурмаланышына түздөн-түз катышып, ар кандай партиялардын таламын талашып келишкен”, -дейт “Элчи” коомдук-саясий изилдөө институтунун жетекчиси Д. Бердаков.

Ал эгемендүүлүк жылдарында көптөгөн шайлоолордо бийликтин партиялары болуп келгенин белгилейт.

«Президент шайлоо институту бузула турган болсо, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоого кандайдыр бир кысым көрсөтүлө турган болсо аларга карата санкциялар колдонулуп, камакка алына турганын ачык билдирди. Бул, менин көз карашымча, биздин саясий системаны олуттуу жакшырта турган эң мыкты кадам. Анткени шайлоо аркылуу гана адамдар өзүнө легитимдүү, мыйзамдуу бийликти тандай алат жана анын жардамы менен бийликти жакшырта алат», — дейт эксперт.

Мамлекетке көз каранды адамдардын, башкача айтканда, чиновниктер, мугалимдер, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында дайыма бийликтин партиясын колдоо керек деп айтылып келгени эч кимге жашыруун эмес. Бирок, президент С. Жапаровдун учурда бийликтин партиясы жок деп айтканы төмөн жакта турган чиновниктердин ар кандай партияларга ар кандай жол менен колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

«Эми алардын баары бийликтин эч кандай партиясы жок экенин, ал эми административдик ресурсту колдонгону үчүн кылмыш жазасы бар экенин түшүнөт. Мурдагы президенттердин убагында мындай тактика болгон, кээде эбегейсиз чоң болгону кейиштүү. Акыркы жылдарда добуштарды эсептөө мурдагыдан бир топ жакшырып, шайлоо ачык-айкын боло баштаган. Бирок добуш сатып алуу жана административдик ресурстарды пайдалануу негизги көйгөйлөр бойдон калып келаткан. Азыр эми ачык, демократиялуу шайлоолорду өткөрүүгө тоскоол болгон калган башка элементтерге сокку урулуп жатат”, — дейт Денис Бердаков.