Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 21-октябрда филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка бюджеттик кызматкерлердин өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда айтылган негизги ой – Жогорку Кеңешке шайлоону административдик ресурсту колдонбой, таза жана ачык өткөрүү талабы болду.

«Буга чейинки бийликтин баары чынчылдык жана аброй жөнүндө кооз сөздөрүн айтып келишкен. Бирок элдин эрки менен бийликтен кулатылды, анткени шайлоого келгенде алардын сөзү менен иши бири-бирине дал келген жок. Мурдагы бардык лидерлер өздөрүнүн статусун сактап калуу менен гана алек болуп, ошону менен күйүп кетишти.

Карапайым адамда дароо эле “Шайлоону алдын ала таза өткөрүүнү талап кылып жаткан Садыр Жапаров эмне үчүн бийликте калгысы келет?” деген суроо туулат. Эксперттер мындай кырдаалды когнитивдик диссонанс деп аташат. Башкача айтканда, “ступор”. Себептери белгисиз. Президенттен көз каранды болбогон парламент президентке жана анын жан-жөөкөрлөрүнө, орой сөз менен айтсак, уурдаганга жол бербейт. Андай болсо Конституциянын гарантына мунун эмне кереги бар? Андан дагы ал президентчил партия дегендерди парламентке алып келбөөгө чакырды, анткени андай партиялар жок, мамлекет башчысы эч кимисин колдобойт»,-дейт талдоочу.

 

Анын айтымында, мындай боло турган болсо президентке Жогорку Кеңештин өлкөдөгү чыныгы саясий күчтөрдү чагылдырган ар түрдүү курамы менен иштөөгө туура келет.

«Кризистик учурда мындан башка чара жок, бийлик вертикалын бардык жергиликтүү элиталардын кызыкчылыктарын эске алуу менен гана тургузууга болот. Эгерде бул келтирилген аргументтердин баары туура боло турган болсо, анда Президент мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу механизмин куруу саясатын улантууда. Ансыз Кыргызстандын акыркы жылдарда тушуккан кризистен чыгуусу мүмкүн эмес”, – дейт Талант Жумабаев.

Көп жылдардан бери жеңил акча өндүрүүгө көнгөн чиновниктерге эми шайлоодо оозеки өтүнүч боюнча оңой акча табуудан баш тартууга кыйын болот. Ошондуктан, Т. Жумабаевдин айтымында, ал мыйзам бузгандар кылмыш жазасына чейин тартыла турган механизмди колдойт.

“Бул маанилүү демилге”, – деп билдирет ал президенттин билдирүүсүнө оюн жыйынтыктап жатып.