Арслан Сталбек уулу Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

22-октябрь күнү Нарын шаардык кеңешинин 31 депутатынын 16сы Арслан Сталбек уулунун талапкерлигин колдоду. Мэрликке талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 добуш алган.

Нарын шаарын буга чейин Самарбек Болотбеков жетектеген. Ал алдамчылыкка шектелип камакка алынган мурдагы депутат Руслан Чойбековдун иши боюнча кармалып, кайра сыртка чыкпоо тилкаты менен кое берилген.

Ала-Тоо эл аралык университетинде каржы, насыя жана банк иштери адистиги боюнча окуган.

Эмгек жолу:

  • 2013-2015 — KICB банкында насыя боюнча эксперт;
  • 2015 — «Бакай банкы» ААКында насыя боюнча эксперт;
  • 2016-2017 — «Бакай банкы» ААКында насыя бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2018 — «Азия банкы» ЖАКта насыялык операцияларды текшерүү бөлүмүнүн адиси;
  • 2020-2021 — С. Муканбетов атындагы бетон заводунда башкы инженер;
  • 2021 — «М.СТАРД» курулуш компаниясынын директорунун орун басары.