Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 Мамлекет башчысынын тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында министрлер кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууда.

Министрлер кабинети жакынкы арада аталган объектинин курулушун баштап, ал өлкөбүздө спортту жайылтууга өбөлгө болуп, калк арасында сергек жашоо образына кызыгууну арттырып, ошондой эле жаштарда бул спорттун түрү менен кесипкөй машыгууга кызыгуусун жогорулатат.

Бул спорттук залда спортту калк арасында кеңири жайылтуу үчүн бардык зарыл шарттары болот.