Кыргызстанда жакынкы убакытта бульдозерлерди, электромобилдерди, брондолгон автоунааларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды кураштыруу башталат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.
Өлкө башчысынын айтымына караганда, мындан тышкары автобустарды, элекробустарды жана жүк ташуучу унааларды кураштыруу боюнча кыргыз-орус биргелешкен заводун куруу маселеси даярдалууда.