Президент Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттары менен болгон жыйында дене тарбия жана спорт боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

«Өлкөбүздүн мамлекеттик саясатынын маанилүү багыттарынын бири дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп саналат. Республика боюнча 19 спорттук объект курулду.

Үстүбүздөгү жылда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дзюдо күрөшү боюнча эркектер жана аялдар арасында Азия чемпионатын, ошондой эле биринчи жолу триатлон боюнча да Азия чемпионатын өткөрдүк.

Бул иш-чара кыргыз спорту үчүн маанилүү окуя экендиги талашсыз.

Токио шаарында өткөн жайкы отуз экинчи Олимпиада оюндарында, ошондой эле Норвегияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин дүйнөгө тааныткан азаматтарыбыздын ийгиликтери өлкөбүз эгемендик алгандан берки спорт тармагындагы болуп көрбөгөндөй чоң жетишкендик болду».