Президент Садыр Жапаров массалык маалымат каражаттары менен болгон жыйында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы боюнча тактала элек участоктор боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыгып калганын белгилеп өттү.

Ошондой эле, Тажикстан Республикасы менен да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирди.

Мамлекеттик чек араны бекемдөө максатында ушул жылы чек ара кызматынын штаттык бирдиги жана аскер кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйтүлдү.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн чыңдоо максатында Коргоо министрлиги кайра түзүлдү жана анын аскер кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулатылды, турак жай менен камсыздоо максатында Ош шаарында 3 көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктады.

Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине 2022-жылы 6 көп кабаттуу турак үй курулат.

Кыргыз армиясын чыңдоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү каражат көбөйтүлөт жана өнөктөш өлкөлөр менен бул багытта кызматташуу активдүү жүрүп жатат.