Мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратып жаткан коррупцияга каршы кызмат адамдарынын ээлеген статусуна жана абалына карабай катаал саясат жүргүзүлүп жатат. Мындай пикирин бүгүн президент Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Мындай убакыт аралыгындагы иштин жыйынтыктарынын бири болуп зыяндын ордун толтуруунун көрсөткүчтөрү эсептелет.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында:

  • сотко чейинки өндүрүштө бардыгы болуп 854 иш боюнча тергөө жүргүзүлгөн;
  • келтирилген зыяндын кайтарылган суммасы – 7 млрд 464 млн сомду түздү.

Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү.

Жакынкы аралыкта Кеңештин алгачкы отуруму өтөт.