Стратегиялык жолдорду куруу уланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров  бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынында билдирди.

Экономиканы өнүктүрүү үчүн жол-транспорттук инфраструктураны жакшыртуу чоң мааниге ээ.

Тактап айтканда эл аралык транспорттук артериянын бөлүгү болуп саналуучу, стратегиялык “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү авто магистралынын курулушу жакынкы арада аяктайт.

Анын алкагында Жумгал жана Кочкор райондорунда автожолду ондоо иштери башталды.

Ошондой эле менин чечимим менен Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу иштери башталды, ал эгемендүүлүк жылдарындагы алгачкы жолу Ата мекендик жол-курулуш компаниялары тарабынан курулууда.

Жол-транспорт кырсыктарын кыскартуу максатында бүткүл республиканы толук камтыган “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун экинчи этабы ишке киргизилди.