Бишкекте тамакка уулангандардын саны 85ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 25-октябрь саат 07:30га карата жугуштуу оорулар ооруканасына тамактан ууландык дегендердин саны 85ге жетти. Азыркы учурда ооруканада бир аял киши дарыланып жатат, абалы туруктуу. Калгандары биринчи амбулатордук жардам алышкан. Жабыркагандар шаардагы тамактануучу жайдын ар кайсы жердеги жайларынан тамактанышкан. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин «Империя пиццы» тамактануучу жайынан тамактанып ууландык деген 12 адам ооруканага кайрылган.