Кыргыз футболчулары (U-23) Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен  маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, оюн 2:1 эсеби менен аяктаган. Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсү чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми кыргыз футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет. Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат. Матч Фуджайра стадионунда өттү.

Оюндун экинчи бөлүгүнүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келген.