2021-жылдын 24-октябрь күнү КР Ички иштер министрлигинин Ардагерлер кеңеши өзүнүн түзүлгөнүнүн 61 жылдыгын белгиледи, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматта айтылгандай, бул жылдар аралыгында өлкөбүз эбегейсиз өзгөрүүлөргө дуушар болду.

«Алсак, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынан баштап, Советтер Союзунун кулашын жана андан кийинки оор жылдарды башынан кечирген биздин өлкөнүн милиция кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти коргоодо жогорку миссияны аткарган, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоп келген. Милиция кызматкерлери кандай кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө кабылбасын, алар улуу муундун салтын улап, форманын урматын эстеп, ыйык сактоого тийиш», — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин Ардагерлер кеңеши 1960-жылы түзүлгөн жана мындай органдардын арасындагы биринчи уюм болуп саналат. Кеңештин максаты СССРдин Ички иштер министрлигинин “Жаш кызматкерлерди тарбиялоодо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууда ички иштер органдарынын ардагерлеринин тажрыйбасын пайдаланууну жакшыртуу жөнүндө” №540 буйругун ишке ашыруу болгон.

Кеңеш өз ишин бир нече багытта түзгөн: ички иштер органдарында жана ардагерлер арасында насаатчылык, идеологиялык-үгүттөө жана маданий иштерди уюштуруу.

Учурда республика боюнча Кыргызстандын ички иштер органдарынын 17 миңден ашуун ардагери бар. Милициянын ардагерлеринде кесиптик жана турмуштук мол тажрыйбасы, милдетти жана ар-намысты так түшүнүүсү бар болгондуктан, алар милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, патриоттук сезимдерин ойготууда, Мекендин алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти так сезе билүүлөрүнө үйрөтүүдө министрликке абдан керек.

Ардагерлер ар дайым эр жүрөктүүлүктүн үлгүсү, Мекенибиздин ишенимдүү сакчылары жана милициянын мыкты салттарынын үзгүлтүксүз улануунун кепилдиги болуп келишкен. Ардагерлердин түздөн-түз катышуусу менен миңдеген кылмыштардын бети ачылган.

Бүгүнкү күндө Кеңешти милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев жетектейт. Ал ар бир ардагердин тагдырына кайдыгер карабаган, ички иштер органдарынын ардагерлеринин социалдык турмушуна өзгөчө көңүл бурган инсан.

«Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан ардагерлер кеңешин чын жүрөктөн куттуктайбыз. Өлкөбүздүн жыргалчылыгы үчүн көп жылдардан берки талыкпаган эмгегиңиздер, кызмат кылуунун мыкты салттарын кылдаттык менен сактап келгениңиздер жана кесипке берилгендик менен мамиле кылганыңыздар үчүн ыраазыбыз.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Биз өлкөнүн өнүгүшүндө, элдин жыргалчылыгында жана коопсуздугунда ардагерлер кеңешинин ролун жогору баалайбыз», — деп айтылат ИИМдин куттуктоосунда.