Исхак Раззаков — кыргыздар түштүк-түндүк деп бөлүнбөй, бирдиктүү эл болушун каалаган. Ал ар дайым кыргыздын биримдиги жөнүндө ойлогон, деп билдирди мамлекеттик ишмердин небереси Бекмырза Раззаков Филармонияда өткөн иш-чарада. Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленүүдө.

Бекмырза Раззаков иш-чаранын уюштурулганына ыраазычылык билдирип, апасы ооруп жаткандыктан келе албагандыгы үчүн кечирим сурады.

«Исхак Раззаков Москвага кетээр алдында астма менен ооруп, ден соолугунун начардыгына карабай, мүмкүн болушунча Кыргызстандын баардык аймактарына барууга аракет кылган.

Ал үчүн жетекчилер менен гана эмес, өзү айткандай, материалдык байлыктын түзмө-түз өндүрүүчүлөрү — айыл жана шаар жумушчулары менен жолугушуулар да маанилүү болгон. Томолой жетим калган Исхак Раззаков үчүн эл менен кезигүү — туугандары менен жолугуу сыяктуу болгон. Ал өзү да: «Кыргыздардын баары — менин туугандарым» дечү, — деди мамлекеттик кызматкердин небереси.