Кыргызстанда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция күчөгөнү байкалды. Ооругандардын 94 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу оору 2,4 эсе көп катталып жатат. Оору жыл сайын пайда болгон жалпы курч респиратордук инфекциялардан келип чыгат. Бул аденовирус, риновирус, энтеровирус, ротавирус.

Ошондой эле күтүүсүз суук аба ырайы оорунун жайылышына өбөлгө түзөт.

Дарыгерлер гигиена жана санитардык нормалар сакталбаса, чоң кишилер балдар үчүн инфекция булагы болуп калышын эскертет.

«Быйыл сасык тумоо октябрь айында башталган, былтыр ноябрь жана декабрь айларынын аягында катталчу. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруган балдарды кабыл алуу үчүн кошумча керебеттерди жайгаштырды, алар шаардык кургак учуктун алдын алуу жана реабилитациялоо борборунун базасында, Республикалык диагностикалык борборунда»,-деди Айнура Акмат