Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул  тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти катары региондорго болгон биринчи  иш сапары Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мыкан айылынан башталган. Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Мамлекет башчысы бул айылдагы окуу мекемесинин курулушунун биринчи кышын коюуга катышкан.

Иш-чарада сөз сүйлөп, Президент айылдыктарды мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктады.

«Билим берүү — туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы. Бүгүнкү күндө глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере аларын мезгил өзү көрсөтүп жатат. Кыргызстанда билимдүү коомдун болушу — айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик маанилүү маселе. Биздин билим берүү системабыз өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги механизми болушу зарыл», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы региондордо билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

«Өлкөбүздө билим берүү мекемелери канчалык көп болсо, класс комплектилери да ошончолук көп болуп, окуучуларыбыз кеңири сапаттуу билим алышат», — деп белгилеген Садыр Жапаров, Президент катары өз ишиндө  өлкөдөгү билим берүү мекемелерине өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров бул мектептин пайдубалын түптөөгө катышканын эске салды.  «Мына эми 9 айдын ичинде курулуп, ишке берилип жатканы барыбызды кубандырып жатат. Себеби ар бир жаңы мектеп — мамлекетибиздин жаркын келечегине жана өнүгүүгө карай ачылган даңгыр жол!», — деди ал.

Мамлекет башчысы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына социалдык объектилерди курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди, негизинен   Кыргызстандын эң муктаж болгон аймактарында 55 мектептин курулушу, анын ичинде Чүй облусунда 7 мектеп.

Ошондой эле, Президент Японияда өткөн Олимп оюндарында жана жакында эле Норвегия өлкөсүндөгү дүйнөлүк чемпионатта жеңиштерди багынткан кыргыздын уул-кыздары жаштарга, кийинки муунга мыкты үлгү көрсөтүшкөнүн белгиледи.

«Силердин мектептин комплексинде заманбап спорт залынын курулганы дагы өтө кубанычтуу. Ушул мектептин спорт залынан Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө желбиреткен уул-кыздардын өсүп-чыгышына тилектешмин. Мектебиңиздерде жеке эле спорт зал эмес, окууга ылайык бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Андыктан, окуучуларыңыздар мыкты окуп, кийин Мекенибизди ар тараптуу өнүктүрүүгө салымдарын кошот деп бекем ишенем», — деди ал.

Мамлекет башчысы татыктуу тарбия бала бакчадан башталса, билимдин пайдубалы мектептен түптөлөрүн белгиледи.

«Келечек ээлери болгон балдарыбызды дүйнөдө билим жаатында атаандаштыкка чыгуусу үчүн 21-кылымдын талаптарына ылайык, сапаттуу билим берүү мына сиздерге түздөн-түз байланыштуу. Педагогикалык чеберчиликти мезгилдин талабына ылайык өркүндөтүшүңүздөр керек. Анткени ар тараптуу өнүккөн мугалим гана билимдүү, тарбиялуу окуучуларды өстүрүп чыгарат», — деп кайрылды ал мектептин мугалимдерине.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, негизги милдет — жогорку адамдык сапаттарга ээ, дени сак, ар тараптан ой жүгүртө билген, мекенчил, билимдүү муунду тарбиялоо.

Мамлекет башчысы айылдардын абалын жакшыртууга жана региондордун жашоочуларынын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошкон ишкерлерге, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Андан соң, Президент Садыр Жапаров мектептин имаратын, анын ичинде класстар жана спорт залын көрүп чыкты.

Мектеп бир нөөмөттө 300 окуучуга эсептелген. Окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.