Бишкек шаарында өткөн «Бахус» рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, 612 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1 миң 520 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Анын ичинен;
— мас абалында автоунаа башкарган 35 айдоочуга 612 миң 500 сом айып салынды;
— айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 14;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 1 миң 460. Ар кандай эреже бузган 137 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.