Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы  кабарлады.

Телефондук сүйлөшүү жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди 24-октябрда өткөн президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап жана бекем ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Өзбекстандын боордош элине – тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары, мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын келечектерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн маселелерин талкуулашты.