Россиянын президенти Владимир Путин аймак жетекчилерине түнкүсүн (23:00дөн таңкы 6:00гө чейин) ресторандар менен көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында   жарыяланды.

Маалыматка караганда, мындан тышкары губернаторлорго COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн 60 жаштан ашкан жарандарды обочолонууга милдеттендирип, аларды бир айлык мөөнөткө аралыктан иштөөгө өткөрүү сунушу да берилди.

Президенттин тапшырмасына ылайык, ошондой эле аймак башчылары көңүл ачуусу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салып, жарандарды коомдук жайларга QR-код менен гана киргизиши керек болот.

Аймак башчылары бул чаралар боюнча алгачкы баяндамасын президентке 30-ноябрда даярдап бериши зарыл. Андан ары бул боюнча аткарылган иштери тууралуу ай сайын маалымат берип турушат.

20-октябрда Владимир Путин 30-октябрдан 7-ноябрга чейинки жуманы эс алуу деп жарыялап, ошол эле маалда жергиликтүү бийликтерге эпидемиологиялык кырдаалга жараша аны узартуу же кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген.

Россияда сентябрдын аягынан бери коронавируска кабылгандар жана андан көз жумгандар көбөйүп жатат. 19-октябрдан бери күн сайын коронавирустан бир миңден ашык киши каза болууда.