2021-жылы Coca-Cola, PepsiCo жана Unilever планетаны булгоо боюнча лидер болуп калышты, деп билдирет incrussia.ru.

Жыл сайын миңдеген ыктыярчылар ондогон өлкөлөрдүн суу объектилеринин жээктерин изилдеп, планетаны эң көп булгаган компанияларды аныкташат.

2021-жылы 45 өлкөнүн суу объектилерин изилдөөгө 11 000 волонтер катышкан. Coca-Cola продукциясынын пластик таштандылары 39 өлкөдө, ал эми 35 өлкөдөн PepsiCo компаниясынан табылган. Бул бренддер төртүнчү жыл катары менен рейтингдин башында турат.

Үчүнчү орунду быйыл БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча COP26 конференциясынын башкы өнөктөшү болгон Unilever компаниясы ээледи. Өткөн жылы Nestle үчүнчү орунда болчу.

2021-жылдын июль айында кургактыкта  жана  океандардын температурасы акыркы 142 жылда эң жогорку чегине жеткен – 16,7°С. БУУнун божомолуна ылайык, 2030-жылга карата абанын температурасы дагы 1,5°Сге жогорулап, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алып келет.