Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жети жаран кайрылган. Алар жаран Гүлзат Алымкуловага чара көрүүнү суранышты. Акыркысы аларга кыска убакыттын ичинде көп каражат табууну  убада кылган, бирок акчаны алып, көздөн кайым болгон.

«Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 110 миң доллардан ашты. Аталган фактылар КР Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча ЕРППге катталды. Гүлзат Алыкулова 2020-жылдын февраль айынын башында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 2020-жылдын 8-июнунда ал алдамчылыкка шектелип жаткандыгы тууралуу сырттан кабарланган. Ошол эле жылдын 13-июлунда сот шектүүгө карата Бишкек шаарындагы 1-СИЗОго камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Шектүү издөө иштерине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш токтотулган. Бир күн мурун Гүлзат Алымкулова Кыргызстанга келери менен кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камалды», — деп айтылат милициянын маалыматында.