«Империя пиццы» кафесиндеги тамакка массалык уулануу фактысы боюнча аталган жайдын администрациясына айып пул чегерилип, беш протокол түзүлдү. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова брифингде билдирди.

«Анализдердин соңку жыйынтыгы чыкканга чейин «Империя пиццы» тамактануу жайынын 16 кафеси тең жабылды. Бузуулар кодексине ылайык, кафенин администрациясына карата 7500, 5 000 жана 3 000 сомго беш протокол түзүлдү», — деди Есенгулова.

Дарыгер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп бергенин айтып, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып кетерин белгиледи.

Ошондой эле, Есенгулова  эки жыл мурда «Ала-Тоо» ресторанында 180 адам тамакка ууланганын айтып, ага карата кылмыш иши козголгонун эске салды.