Бүгүн, 26-октябрда Ошто Баткен окуясында каза болгон жоокерлерди эскеришти. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин буйругу менен «26-октябрь — Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнү» деп белгиленген. Мындан улам Кыргызстандын бардык аймактарында, анын ичинде Ош шаарында  жыл сайын Баткен окуясында каза болгон жоокерлер эскерилет.

1999-жылы жана 2000-жылы жай айларында «Өзбекстан Ислам кыймылынынын» согушкерлери эки ирет Кыргызстандын чек арасын Телбе (Баткен), Бок-Башы (Чоң-Алай) ашуулары аркылуу бузуп киришкен. Зардалыда мектеп менен мечитте 45 күн кыймылдын кара байрагы илинип турган, жергиликтүү тургундар мыкаачылык менен өлтүрүлүп, барымтага алынган. Согушка 1500-2000 аскер тартылган. 53 адам курман болуп, 130дан ашыгы жараат алган. Качкындардын саны 4 миңден 8 миңге чейин жеткен. Ошол апаат «Баткен согушу», «Баткен окуясы», «Баткен коогалаңы» деген аталыштар менен тарыхта калды.