Сүлүктү шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун төлөөгө мамлекеттик бюджеттен 23 миллион сом, Лейлек районунда 133 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик мамлекеттик колдоодон тышкары өнөктөштөр менен биргеликте натуралай да, акчалай да ар кандай долбоорлордун алкагында калкка кошумча колдоо көрсөтүү чаралары көрүлүп жатканын белгилейт.

Министр Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын өкмөттөн жардамга муктаж тургундары менен жолугушту. Жолугушууда калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан жигердүү чаралар, өзгөчө ковид жана пост-ковид мезгилдеринде талкууланды.

Маселен, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын коомдук жумуштарга тартылган 280 жаранына ун, өсүмдүк майы жана башка азык-түлүктөр түрүндө азык-түлүк берилип, аларга 100 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан тышкары, министр жергиликтүү деңгээлде жарандарды жеке кабыл алып, анда балдарды камкордукка алууга көмөк көрсөтүү жана ата-энеси республиканын чегинен тышкары жерде жүргөн  балдарга оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөргө жана ошондой эле социалдык төлөмдөр боюнча маселелер көтөрүлдү. Жарандарды кабыл алуудан кийин дароо эле министр Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын жетекчилиги, ошондой эле министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен бирдикте көтөрүлгөн маселелерди чечүүдө колдон келген жардамдарын көрсөтүштү.