Жакында   КР майыптар коому үчүн атайын “Жамиля” деп аталган долбоордун алкагында кичи автобус  Германиядан алынып келип, ачкычы тапшырылды. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн  бардык шарты ыңгайлуу кичи автобустун келиши  бир топ маселени чечти дейт КР Майыптар коомунун төрагасы Шүкүрбек Кучкачов.  Автоунаа кантип алынып келди, долбоор эмне үчүн “Жамиля” деп аталат, бул суроолорго Шүкүрбек мырза жооп берди.

 -Жакында сиздердин коомдо жакшы иш-чара болуп өттү, ошол тууралуу айтып берсеңиз?

— Бизге жакында Германиядан жакшы кабар келди. Ага чейин ошол жакка  эки миллион сомго долбоор жазып кайрылган элек. Ал долбоордун аты  “Жамиля” деп  аталды. Германиядагы немистер Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын абдан баалашат экен. Ушул долбоордун атын өздөрү “Жамиля” деп аташты.  Алар биз жазган долбоорду карап, жактырышып, майыптар үчүн атайын ыңгайлуу шарты бар унаа сатып берүүгө акча которушту.  Ал акчага биз атайын кичи автобус алдык.  Ал автобуска коляска менен өз алдынча баса албай, көтөртүп жүргөн майыптарды  салганга абдан ыңгайлуу. Автобустун артында пандусу бар,   кыйналбай коляскасы менен өз алдынча  кирип кете алышат.  Ал кичи автобустун ичине алты коляска батат.

-Автобустун ичин өзүңүздөр жасаттыңыздарбы же атайын даяр бекен?

— Негизи андай майыптар үчүн ыңгайуу шарты бар унаалар бар экен. Бирок, алар Бишкекте жок экен. Биз андай унааны Бишкектин, Алматанын, Россиянын да  автобазарларынан карадык. Бирок  ылайыктуу биз ойлогондой табылган жок. Аны атайын Германиядан таап,  сатып алдык. Ошол жактан документтерин  жасатып, бажыдан өтүп, Кыргызстанга айдап келип беришти. Унаанын ичи абдан ыңгайлуу, майыптарга жакшы шарты менен экен.  Унаа менен кошо баардык кем-карчтарын ала келди.  Автобус 2010-жылы чыккан экен, немистер өздөрү да ыраазы болуп калышты.

Бул долбоорду кантип жазып калдыңыздар, алар менен кантип таанышып, маселени айтканга үлгүрдүңүздөр эле?

— Германиядан булар  2018-жылы “Көчмөндөр оюнуна” келип кетишкен. Ал жактагы парламенттин депутаты Андре Хан жана анын жардамчысы Андре Новек менен таанышып,  биздин кеңседе жолукканбыз.  Алар менен “Көчмөндөр оюнунда” алты күн жүрдүк. Оюнга келген немистер ал жактан бир да майып, бир да балдакчан же коляскачан адамды көргөн жокпуз  дешти. Бул оюнга майыптардын келбегенин  себеби, транспорт жок, шарт жок деп түшүндүрдүм.  Алар “Көчмөндөр оюнуна” келип кыргыздын оюн зоок маданий программасын көрүп, улуттук даамын сызып абдан таң калып, тамшанып кетишти. “Көчмөндөр оюну” бүткөндөн кийин биздин кеңседен жолугуштук.

Ошол кезде “Көчмөндөр оюнуна”  Германиядан  депутаттарды ошол кездеги биздин  Өкмөт чакырган экен. Ал эми Андре Новак  депутат Андре Хандын жардамчысы болуп иштейт.  Ошол эле учурда Германиядагы майыптар коомунда да иштейт. Аны менен 2008-жылы таанышып, КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда Эл аралык майыптар Союзуна  мүчө болгонбуз.   Ошондон бери кызматташып келе жатканбыз. Анан “Көчмөндөр оюнуна” келип,  мага жолукту. Ошондо майыптарды мындай иш чараларга алып келгенге транспорт, шарт жок дегенимди уккан. Кийин бизди Германияга чакырды. Кыргызстандан төрт киши бардык. Алардын парламентин кыдырып, депутаттардын ачыктыгын ошол жерден көрдүм. Баардык кабинеттер айнектен жасалыптыр, бирин-бири көрүп турушат экен. Бардык жерде камера, кыймыл-аракетин көрүп, ким эмне жасап жатканын билип турушат экен. Негизи Тажикстанда деле, Өзбекстанда деле биз сыяктуу майыптар арасында маселелер көп. Аларга жардам бербей, бизге  жардам беришти. Негизи бул унаа  2020-жылы эле берилмек, бирок пандемия болуп калып,  ушул убакка чейин созулуп кетти.

Германиядан унааны тапшыруу үчүн төрт делегация келди, арасында  машина боюнча бир  эксперти, адам укугу боюнча дагы бири,  Андре Новак тилмечи келди. Алар бизге унаанын ачкычын тапшыруу аземинде Германиянын элчиси келди. Баардыгына ыраазычылык кат, өзүбүздүн белектерди бердик. Бул жактагы биздин мүмкүнчүлүгү чектелган балдардын иштеткен цехтерин, ишканаларын көрүштү. Аларга цехтеги эски станоктор менен иштеп жатканыбызды айттык. Германияныкы жакшы болмок деп кыйыттык. Чынын айтканда автобусту деле мен түз сураган эмесмин, кыйытып айткам.  Бирок, ошону эске алып автобус беришти.

Алар бул жакта жүргөндө тегерек стол өткөрдүк, журналисттер менен жолугуштук,  “Ата-Бейитке” барышты, “Супарага” барып эс алышты. Айтор, аларга Кыргызстандын өзү,  жаратылышы абдан  жакты.

Чынын айтканда бардык шарты бар унааны алгандан бери майыптар жыргап эле калышты. Жумушка аларды ошол  унаа менен ташып калдык. Ага чейин такси же  коомдук транспорт менен  жете албай кыйналышчу. Коляскалары   унаага батпай калчу. Эми өзүбуздүн шарты ыңгайлуу унаабыз бар, ошолор менен Ысык-Көлгө, Сары-Челекке  да эс алып барсак болот.

Майыптар коомунда канча мүчө бар?

— Бизде 22 миң мүчө бар. Ошонун арасында 3-топтогу  майыптар 30 пайызды түзөт.  Алар иштешет, акча табышат.  1-топтогу майыптар иштебейт, үйлөрүнөн чыга алышпайт. Иштеген майыптар ишканадан калган пайданы көрсөк ошол 1-2-топтогу үйдө жаткан майыптарга даталуу күндөрдө социалдык пакеттерди  даярдап, жардам берип турабыз.

— А канча ишкана жана цех иштетесиздер?

-Азыр беш цех иштетип жатабыз. Кийим тигүүчү,  эмерек чыгаруучу, пластик терезе чыгарчу, полиграфия, ширетүүчү цехтерди иштетебиз.  Ушул цехтерде 58 жумушчу иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат. Үй бүлөсүндөгү айрым соо адамдарды багып жатышат. Биздин жумушчулар эч качан жумуштан качпайт. Кандай  жумуш болсо да иштей берет.

Майыптарга карата мамлекет тарабынан кандай жардамдар болуп жатат. Мисалы, аларга үй салып берип дегендей…

-Бизге майыптарга көптөн бери андай программалар жок болуп жатат, атайын аларга үй да салына элек. Акыркы жылдары 2012-14-жылдары үй салынган. Ошондон бери эч кандай программа деле иштеле элек. Жумуш боюнча майыптыгы бар балдар кыздарыбызды атайын кесипке окутабыз. Бирок тилекке каршы, аларды эч бир мамлекеттик кызматка алышпайт. Анча-мынча кыздарыбызды  окутканбыз, ошолор азыркы тапта Мамлекеттик каттоо кызматында (ГРС) иштеп жатышат. Атайын жаштарыбызды тигүүчүлүккө, эмерек жасаганга, ширетүүчү жана башка кесиптерге үйрөтүп, кайра эле цехке ишке алабыз. ЖК депутаттарына, министрликтен келгендерге бизге электр энергиясынан, салыктан жеңилдик жасап бергиле деп айтып жатабыз.  Антпесе биз баардыгына төлөйбүз. Эгер алардан жеңилдиктер берилсе көбүрөөк иш ордун ачат элек.  Германияга дагы бир долбоор жазып өткөрдүм. Алардан  техникалык жардам алып, цехте иштеген станокторду жаңырталы деп жатабыз. Ал эми автобусту айдап, майыптарды ташыган   эки айдоочуга айлык акы чыгарып иштетип баштадык.

Декабрдын башында Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө даярданык  башталды. Эми атайын демөөрчүлөрдү издеп, кат даярдап, жардам сурайбыз. Коомдун мүчөлөрүнө белек бечкек беребиз.

-Сиздер  алты саны аман, көп адамдарга үлгү болуп жатасыздар. Ишиңиздерге ийгилик каалайбыз!