Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында аялынын өлүмүнө шектелип жарандык никедеги жолдошу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Каракол ШИИБинин 102 кызматына телефон аркылуу кабар түшүп, анда батирдин ичинен аялдын жансыз денеси табылгандыгы айтылган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барганда уктоочу бөлмөдөн 42 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.Ч.нын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө тактар байкалган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, аялдын өлүмүнө шектелип анын жарандык никедеги жолдошу, Ак-Суу районунун 34 жаштагы тургуну А.А. кармалган. Анын баш коргоо чарасын шаардык сот карап эки айга камакка алды.

Учурда тергөө иштери уланууда.