Кыргызстанда жумушсуздардын саны былтыркыга салыштырмалуу 3,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине шилтеме кылып жергиликтүү сайттар жазды.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 104 миң адам жумушсуз катары катталган.

Жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда. Анда 22 миң 195 адам туруктуу жумушу жок, бул облус калкынын 1,79 пайызын түзөт. Эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда – 2 миң 877 адам же жалпы калктын 0,9 пайызын түзөт. Жумушсуздардын 46 пайызын аялдар түзөт.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрда өткөн басма сөз жыйынында бир жылда 353 жаңы ишкана ачылып, 42 776 жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн билдирген.