Эртең Бишкек шаарынын айрым аймактарында суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-октябрь күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин 7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта суу болбойт.

Сууну өчүрүү «НВО» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу болот.

Суу менен камсыздоо турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде токтотулат.