Бишкектеги Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан «Кайнар» ресторанында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө саат 08:40та бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 09:21де толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка таянсак, таттуу токочтор күйүп, ашкананын ичин калың түтүн каптаган.