Россия Кыргызстанда коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасын берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан Кыргызстанга 200 миң доза вакцина алуу максатында 1,2 млн доллар бөлүү чечими кабыл алынган.

«Спутник Лайт» вакцинасы кайтарымсыз негизде Россия ӨКМнин линиясы аркылуу берилет.