Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрындагы Жогорку Кенештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “КР министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы  кабарлады.

Тагырагы, аталган макулдашууга ылайык Өзбекстан Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдыктарды менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргызстандын менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 га, Самаркандек айылынан 1,75 га жек тилкеси бөлүнөрү белгиленди.