“Империя Пицца”   тамактануучу жайынын тамагына ууланып Бишкек жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине жардам сурап кайрылгандардын саны 253 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка караганда, 253 адамдын ичинен 60 киши ооруканаларда дарыланууда. Темир жол ооруканасында 19 жабырлануучу, Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 18 жабырлануучу, Улуттук госпиталда 23 жабырлануучу бар.

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. Ал эми кечээ, 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жеткен. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.

Азыр кафе түйүндөрүнүн бардык пункттары эпидемиологиялык иликтөө мезгилине жабылды. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги тамак-аштан массалык ууланууга байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистери республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшере турганын билдирген.