Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды таштанды таштаган контейнерлердин жанына унааларды калтырбоого чакырат.

Кайгуул кызматы билдиргендей, шаар тургундарынын жана мэриянын кайрылуусу боюнча, жол жээгинде атайын орнотулган таштанды таштоочу контейнерлердин жанында туура эмес токтотулган автоунааларга карата тийиштүү протоколдор толтурулуп, жүктөп кетүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Айдоочулар унааларын туура эмес токтотуп, таштандыларга толгон контейнерлерди «Тазалык» ишканасынын чоң унаалары өз убагында ташып кете албай, бир топ эле убара тартууда. Ошол эле учурда шаар тургундары да өз убагында тазаланбаган таштандылардан чыккан жыттар жарандардын ден соолугуна зыян экендигин белгилеп, тазалап кетүү боюнча көп кайрылушууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол себептүү милициянын кайгуул кызматкерлери азыркы учурда туура эмес токтогон автоунааларды алып, тазалоо боюнча иш алып барууда.