Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, шайлоо маселесинде кайсыл бир талапкерге же партияга жан тарткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу жаза каралат. Лейлек районунун акими кызматынан четтетилип, Исфана шаар мэрине сөгүш берилди.

“Президенттин шайлоону таза өткөрүү демилгесин ишке ашыруу багытында кайсыл бир бийлик өкүлү шайлоого аралашканы, добуш сатып алгандар же добуш сатканын далилдер менен кармаган укук коргоо кызматкерлерине сый акы да уюштуруп жатабыз”,- деди Акылбек Жапаров.