Бүгүн, 27-октябрда, Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик инновациялык борбордун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргызпатенттин директору Р. Керимбаева катышты.

Байсалов борборду расмий түрдө ачып берип, катышуучуларды долбоордун ийгиликтүү ишке ашышы менен куттуктады.

“Мындай инфратүзүмдүк компоненттин түзүлүшү биздин Кыргызстандын инновациялар экосистемасын концептуалдуу көз карашына дал келет. Бул алгачкы кадамдар. Ушуну менен токтоп калбастан, инновациялык инфратүзүмдү борбор шаарыбыздан ары аймактарга жайылтышыбыз керек. 2024-жылга чейин Кыргызстандын бардык облустарында дал ушундай инновациялык борборлорду ачууну сунуштайм жана бул тапшырманы аткаруу Кыргызпатенттин жамаатынын колунан келерине терең ишенем”, — деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов мнистрлер кабинетинин тематикалык отурумдарын инновациялык борбордо өткөрүүнү пландап жаткандыгын билдирди.

Мындан сырткары, саламдашуу сөзү менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) генералдык директору Тарен Танг (онлайн) жана Евразия патенттик ведомствосунун президенти Сауле Тлевлесова чыгып сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө чыгармачылык жана ойлоп табуучулук жетишкендиктери үчүн Түгөлбай Казаков жана Акылбек Усупбаев ИБДУнун Алтын медалы менен, Жеңишбек Тургумбаев ЕАПВнын Алтын медалы менен сыйланды.

Расмий ачылыш аземинин алкагында “Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасын өнүктүрүү” эл аралык форуму өткөрүлдү. Форумда инновациялар экосистемасын түптөөнүн келечеги тууралуу талкуу жүргүзүлдү. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар экосистемасы жаатындагы өкүлдөрдүн жана эксперттердин сунушу Инновациялык борборду өнүктүрүүнүн жол картасы жана планын иштеп чыгууга шарт түзөт.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Евразия патенттик ведоствосунун жана БУУнун Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, Кыргызпатенттин өнөктөштөрү жана стартапчылар катышты.

Маалымат иретинде:

Инновациялык борбор Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында түзүлгөн. Бул үчүн акыркы төрт жылдын ичинде китепкананын кагаз фонду санариптештирилип, пайдалануучуларга фонддогу патенттик адабияттарды онлайн алуу мүмкүнчүлүгү берилген. Китепкананын бошотулган бөлмөлөрү Инновациялык борбордун төмөнкү компоненттерине кайра жабдылган: Fablab – прототиптерди жасоо жана идеяларды текшерип көрүү үчүн өндүрүштүк лаборатория, Youth iLab — балдар лабораториясы, заманбап жабдуусу менен коворкинг-зона, конференц-зал, жолугушуу бөлмөлөрү, патенттик-техникалык фонд.