Талас облусунда тез жардам кызматынын дарыгерлери кырсыкка учурап каза болушту. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн түнү Бакай-Ата районунун аймагында болгон. Тез жардам кызматы чакырууга бара жаткан, анын айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада эки медицина кызматкери каза болгон.

Учурда кырсыктын себептери такталууда. Факты ЕРППга катталды.